• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкекте милиция бөлүмүнөн качып кеткен жаран кармалды

8 Кулжа 2020 10:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин районундагы шаардык милиция бөлүмүнөн качкан жаран Чүй облусунун кызмакерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-июнь күнү болжол менен саат 00:31 чамаларында Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринде катталган кылмыш ишине чыккан ыкчам тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттерден улам 50 жаштагы
Т.Б. кармалган.

«Чүй облусунун ИИББнын ыктам тергөө тобу жана Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынын Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын шаардык бөлүмдөрүнүн биринен качып кеткен жаран кармалды. Шектүү жаран качып кетүү үчүн каршылык көргөзүп бирок, кызматкерлер тарабынан колго түшүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Ленин районунун шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 218