• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бишкекте милиция кызматкери ок чыгарды. Окуянын чоо-жайы

10 Тогуздун айы 2019 10:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милиция кызматкери 25 жаштагы жигитке карата ок чыгарды. Бул маалыматты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда эртең менен саат 08:20 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңжал болуп жатат деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Анда айдоочулар жол талаша кетип, Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өзүн милиция кызматкери, Бишкек ШИИББинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов деп тааныштырган. Милиция кызматкери жол талашкан жаранга шашып жатканын айткан. Ал эми 25 жаштагы А.Ж. аттуу жаран милиция кызматкеринин суранычын канааттандырбай, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алып, А.Ж. белгисиз каражат менен милиция кызматкери Амангуловго кол көтөргөн. Милиция кызматкери өзүнүн коопсуздугу үчүн тапанчасын алып чыгып, асманга 2 жолу ок чыгарган. Натыйжада 1994-жылы туулган А.Ж. унаасын айдап, белгисиз тарапка кеткен.

Тергөө иштеринин алкагында А.Ж. Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборуна кайрылган. Анын сол колуна ок тийгени маалым болгон. Мындан тышкары, ал Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 86