Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV
Кыргызстанда акыркы учурларда кыздар арасында сулуулар сынактары байма-бай өткөрүлүп келет. Кыздардан кем калышпай кечээ, 21-декабрда Бишкекте жигиттер арасында «Мистер Кыргызстан — 2018» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына сынактын жеңүүчүсү Димаш Турсунбаев маалымат берди.
Конкурста талапкер жигиттер 4 шарттын негизинде «Мистер Кыргызстан — 2018» наамына ат салышты.
Алар:
«Мен Турсунбаев Димаш, 19 жаштамын. Ош шаарынында жашайм. Азыркы учурда ОшМУнун 2-курсунун студентимин. Мен бул сынака чейин «Вице Мистер Ош 2018» наамынын ээси болуп «Мистер Кыргызстан — 2018» сынагына жолдомо алгам. Сынак абдан мыкты деңгээлде өттү. Конкурс R style beauty company Kyrgyzstan тарабынан өткөрүлдү. Сынакта жалпысынан 7 жигит ат салышты. Мен жеңүүчү болуп тандалганыма абдан толкундап турам. Анткени мен эми Кыргызстандын атынан «Mister Tourism World» сынагы катышууга жолдомо алдым. Буюрса багындыра турган бийиктиктер алдыда» -деп кубанычы менен бөлүштү Димаш Турсунбаев.
Белгилей кетсек, «Мистер Кыргызстан — 2018» наамынын ээсине таажы кийгизилип диплом ыйгарылган.