Бишкек шаарында мурдагы аялын бычактап өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда АКИпресс агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.
Маалыматтарга караганда, 12-январда шектүү 8 жана 9 жаштагы балдары менен жашаган мурдагы аялынын үйүнө барган. Ал экөөнүн ортосунда чыр чыгып, аялын бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу аял көп кан жоготконуна байланыштуу каза болгон.
«Кийинки күнү Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.