Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрүндө мыйзамсыз курулган курушултарды алып салуу иштери болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан белгилуу болду.
Маалыматка ылайык, Мамбетов көчөсүнүн Чүй прспектиси менен кесилишкен жерде жана Гоголь атындагы көчөсүнүн Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан 4 павильон жана жеңил түрдөгү 2 чатыр алынып салынды. Аталган павильон менен чатырларды орнотууга уруксат кагазы жок болгондугуна байланыштуу жогоруда аталган мекеме тарабынан алып салуу иштери жүргүзүлгөн.