• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте мыйзамсыз ташылып келген 4 тонна кальян тамекилери кармалды

17 Бештин айы 201918:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мыйзамсыз ташылып келген 4 тонна кальян тамекилери кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан билдиришкендей, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында Т.Т. аттуу КР жараны айдаган «MAN» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын токтотуп, текшеришкен.

«Ал унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келген салмагы 4 миң 32 килограмм болгон, акциздик маркасы жок «Premium water pipe tobacco «Serbetli» маркадагы кальян тамекиси табылган», — деп билдиришти Бажы кызматынан.

Айдоочуда товар мыйзамдуу экенин тастыктаган документ болгон эмес.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Количество просмотров: 82