• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу эки чоң көчөнүн айрым тилкеси жабылат

14 Бугу 2024 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу эки чоң көчөнүн айрым тилкеси жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-майдан тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

— Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
— Иса Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин.

Ага ылайык, Байтик Баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Иса Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Ошондой эле быйылкы жылы мындан башка дагы төрт көчөдө капиталдык оңдоо жүрөт.

Тизме:
— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин;
— Максим Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;
— Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн Максим Горький көчөсүнө чейин;
— Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Количество просмотров: 88