• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү

31 Тогуздун айы 201912:09 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштеп баштары айтылган.

Патрулдук милицияга иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүштү. Андан соң ден соолугу текешерилип, физикалык жактан даярдыгы каралды.

Бишкекте ушул эле күнү «Командалык борбор» да иштеп баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулду. Аталган борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо.

Количество просмотров: 708