• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ноокатта пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен

27 Чын куран 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Ноокатта белгисиз жарандар пенсионерди өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишкен. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Булак айылында күйүп кеткен үйдүн жер төлөөсүнөн кемпирдин сөөгү табылган. Жерине келген ыкчам-иликтөө тобу каза болгон жарандын өздүгүн аныктап, ал Ак-Булак айылынын 81 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну экендигин тактаган. Ал киши колдуу болгон.

Учурда маркумдун эмнеден улам каза болгондугун аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 130