• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Бишкекте Православдардын көрүстөнүнө кете турган жолдо унаа тыгыны пайда болду

7 Бугу 2019 14:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн таң эртеден бери Бишкектин түштүк-батышында жайгашкан
православдардын көрүстөнүнө кете турган жолдо унаалардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Govori.TVнын вотсап номуруна видео жиберишкен.

Эске салсак, бүгүн православдар Ата-эне күнүн белгилешүүдө. Мындан улам бул күнү алар көзү өтүп кеткен жакындарынын көрүстөндөрүнө барышат.

Ал эми Бишкек мэриясы тарабынан колдоо ирээтинде бул күнү коомдук унаалардын санын көбөйтүп жана кошумча маршруттарды түзүп беришкен.

Количество просмотров: 13