• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте Психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлери кармалды

12 Бештин айы 202511:44 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун соттук-психиатриялык эксперттеринин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды, тактап айтканда, кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен.

«Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында 2025-жылдын ортосунда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты эксперт-дарыгери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзгөнү аныкталып, натыйжада, алар туугандарынан өзгөчө ири суммада 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен.

2025-жылдын 10-декабрында аталган кылмыш ишинин алкагында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар жогоруда айтылган 2 жолку соттук-психиатриялык экспертизаны жүргүзүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

КР УКМК аталган коррупциялык схемага тиешеси бар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 133