• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте райондук соттун судьясы кармалды

17 Тогуздун айы 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан көрүлгөн сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды.

Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды.

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына камакка алынды.

2023-жылдын 5-сентябрында УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, Башкы прокурор аталган судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде («Опузалап пара талап кылуу жана алуу)» каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 16-октябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 802