29-июнда Бишкек шаарында «#Reakция 3. Эркиндик» аттуу акция өтөт. Бул тууралуу чакырык социалдык тармакта тарап жатат.
Маалыматка ылайык, катышуучулар сөз эркиндигин сактап калуу чакырыгы менен жөө жүрүшкө чыгышат. Жүрүш 29-июнда саат 12:00дө башталат. Акциянын катышуучулары темир жол бекетинен Ак үйгө чейин басышат.
Белгилей кетсек, 25-майда парламент жыйынында депутаттар «Интернетти көзөмөлдөө тууралуу» мыйзам долбоорун 2-3-окууда дароо кабыл алышкан. Аталган мыйзам долбооруна эл өкүлдөрүнүн 79 депутат “макул”, 10 депутат “каршы” добуш беришкен. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта колдоо таппай, терс пикирлерин айткандар чыкты.