• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча шектүүлөр кармалды (Видео)

25 Жетинин айы 2021 15:20 Бишкек Govori.TV

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бултууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 25-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын Н. аттуу тургуну Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп шайлоочуларды сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан А.А. М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. М.Н. аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.

Количество просмотров: 661