Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Калинин менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка караганда, «Тойота» үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги «Шоро» компаниясынын сатуучусун сүзүп кеткен.
Жабырлануучуну тез жардам кызматы алып кеткен.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Унаалар айып аянтчасына коюлган.