Бишкек шаарында өспүрүмдү тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрга караган түнү Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Бейтааныш адамдар өспүрүмдүн телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты Жазык кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган М.Т. жана 2003-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.