• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Бишкекте SuperTVнын кабарчысы сабалды

27 Тогуздун айы 202210:48 Бишкек Govori.TV

SuperTV сайты кабарчысы Бактурсун Жоробеков сабалганын жана кол салууну анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болшу мүмкүн экенин жазды.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда журналист 4 белгисиз жаран тарабынан сабалды.

«Кечээ күнү редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалганын, ага чейин да чалуулар болуп, аны коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн…

Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө «Бул SuperTV’нын журналисти» деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр», — деген ал.

Учурда Жоробеков Ленин райондук милициясында арыз жазып жатат.

Количество просмотров: 3431