Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фыратка түспөлдөш адам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видеосу интернетке тарады.
Видеодон: “Кеттим мен! Орозо айында ФЕТО террордук уюмунун башчысы менен элчини бир чакырасыңар. Мен сага 35 млн долларга мечит салып берсем, сен мени терроист менен бир орунга коюп жатасың. Айтып коеюн же Түркияны же террордук уюмду тандайсыңар. Мен үчүн мындан кийин муфтият жок!”,- деп чыр салып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми тасмада муфтий Максат Токтомушев элчинин артынан барып токтотуп, ооз ачууга 2 эле мүнөт калганын айтып, жоошутуп, ичкери киргизе албай жатканын көрүүгө болот.
https://www.youtube.com/watch?v=RVGRDXQpR1I