• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бишкекте түркүктү сүзүп эс-учун жоготкон айдоочуну куткаруучулар алып чыкты. Видео

17 Бирдин айы 2019 14:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.02.2019.Govori.TV.

Борбор калаанын Интергельпо көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде автокырсык болуп, айдоочусун куткаруучулар алып чыкты. Окуяга күбө болгон адам маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги жарыялаган.

Кырсык 17-февраль күнү болжол менен эртең мененки саат сегиздер чамасында болгон.

Видеодон Lexus GX470 жол тандабасы трассанын боюндагы түркүктү сүзүп, эс-учун жоготкон тейде жаткан айдоочуну чыгаруу үчүн куткаруучулар кабинаны кесип жатканын көрүүгө болот. Күбө болгон кишинин айтуусуна караганда, салондо айдоочудан тышкары бир кыз болгон. Ал рулдагы жигит мас болушу да мүмкүн деген маалыматты кошумча билдирди.

ӨКМдин айтканына караганда, автокырсык болгон жерге Тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөр барган. Жабырлангандар ооруканага жеткирилген.

Автокырсыктын болгонун милициядан тастыкташып, учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

Количество просмотров: 8