• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү өтөт

12 Аяк оона 201814:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара «Манас» кинотеатрында 13-16-сентябрда өтөт. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өлкүлдөрү, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Көрсөтүүлөрдүн программасына ылайык, көрүүчүлөргө Азербайжандын «Кызыл бакча», Казакстандын «Оралман», Кыргызстандын «Түнкү кырсык», Түркиянын «Буудай» жана «Айла» көркөм тасмалары тартууланат.

Количество просмотров: 37