• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте төрт күн бою кан донорлорунун күнүнө карата акция өтөт

23 Аяк оона 20199:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кан донорлорунун улуттук күнүнө карата төрт күн бою «Коопсуз кан бардыгы үчүн» аталышындагы акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каалоочулар 23-27-сентябрь күндөрү күн сайын саат 9:00дө каттоодон өтүп, кан тапшырып турса болот.

«Кан куюу менен жылына көптөгөн адамдар аман калууда. Кан боюнда бар аялдарга, кан ооруларына чалдыккан бейтаптарга, жаракат алгандарга, оор операция жасала турчуларга жана башка оорулууларга абдан керек. Ошондуктан донорлук медицинанын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Көп өлкөлөрдө кооптуу жана сапаттуу кан запасынын жоктугу көйгөй жаратып келет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 61