• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкекте таксист кыздын жансыз денеси табылды

29 Баш оона 201911:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Кечээ, 28-августта саат 20:00 чамасында Бишкек шаарындагы Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө «102» кызматы аркылуу 9-январь көчөсүндө жайгашкан турак жайлардын биринде жаш кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга каза болгон кыздын курбусу телефон чалган. Айтылган дарекке №5 шаардык ыкчам тобу барды.

Окуя болгон жерден табылган жансыз дененин өздүгү аныкталып, ал 1994-жылы туулган К.К. экени белгилүү болгон. Маркум кыз ошол батирде ижарачы болуп жашап, борбордогу такси кызматтарынын биринде айдоочу болуп эмгектенчү.

Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 18