Бишкек шаарында тамактануучу жай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Бишкектин Свердлов районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жай өрттөнүп жаткандыгы кабарланган. Тилсиз жоо саат 02:53дө өчүрүлгөн.
«Өрт кырсыгынын кесепетинен тамактануучу жайдын 20 чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон. Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.