Бишкекте таштандысын тиешелүү жайга алып барып таштабаган аялга 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекемеге караштуу санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери күн сайын шаардын райондорун кыдырып, таштандыны көчөгө таштаган тургундарды аныкташат. Айтматов көчөсүнүн тургуну таштандысын таштанды салган жерге алып барбай, көчөгө калтыргандыгы үчүн 5500 сомго айып пулга жыгылды. Ал күнөөсүн мойнуна алды.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун таштандыларды тиешелүү жерлерге алып барууну суранат!