• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте телефон уурдаган шектүүлөр кармалды

12 Бирдин айы 2021 15:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү болжол менен саат 01:50 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Термичиков жана Гагарин көчөлөрүндогү унаа жуучу жайлардын биринен чөнтөк телефонумду тартып алышты деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1999-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсинин 14 000 сом турган » Редми 9″ үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

«Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган З.А. жана 1997-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 210