• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте телефон уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

25 Тогуздун айы 2021 13:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте iPhone 7 үлгүсүндөгү телефонун уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда саат 21:30дар чамасында Тоголок Молдо жана М. Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран милиция кызматкерлерине “жардам берип коюңуздар” деп жүгүрүп келген.

“17 жаштагы Д.Ж. аттуу жарандын iPhone 7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар күч колдонуп тоноп, андан ары качып кеткендигин кабарлаган”, — деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 18 жаштагы Р.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткиришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 263