Бишкекте «БТА Банк» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскуловду кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, Темир Рыскулов буга чейин качып кеткен президенттин баласы Максим Бакиевге таандык «Идеал Хаус» коттедждер шаарчасынын жоголушу тууралуу факты боюнча кылмыш ишинин курамында болгон.
Эске салсак, Эльнура Алканова Максим Бакиевдин коттедждери кимге калганын аныктоо үчүн журналисттик иликтөө жүргүзгөн. Журналисттин пикиринде, Темир Рыскулов — коттедждерди сатып алган кардар.