• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте терминал уурдагандар үй камагына чыгарылды

16 Чын куран 202013:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 61 миң 500 сому бар терминалды уурдаганга шектелип кармалгандар үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык комендатурасы ырастады.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

«Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүүлөр тергөө жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу үй камагына чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, шаардын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан терминал 6-апрелде түнкү саат экиде уурдалган. Бул факты боюнча шектүү катары 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 189