• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте терминалдан акча урдаганга аракет кылган жаран кармалды

19 Бугу 2020 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында терминалдан акча урдаганга аракет кылууга шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Шаардык милициядан билдиришкендей, 18-май күнү болжол менен саат 06:30да «102» кызматына Орозбеков көчөсүндө белгисиз адамдар төлөм терминалынан акча урдоого аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган. Ал жерден Е.А. аттуу жаран белгисиз бирөөлөр терминалды бузуп, андан акча урдоого аракет кылганы тууралуу айтып, арыз жазган.

Терминалдан акча уурдоо аракетинен улам – акча урдаганга аракет кылган адам барскан колдонгон – анын ээсине 10 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 39-200-беренеси (урдоого аракет кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жыйынтыгында бул ишке шектүү катары 24 жаштагы М.Я. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдары учурунда шектелүүчү терминалды ачууда колдонгон барскан табылган.

Учурда шектелүүчүнүн башка ушул өңдүү кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Количество просмотров: 58