Бишкектеги «Эл эмне жейт» (Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жайгашкан) тез татымынан шаурма жеген 11 адам ууланганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, массалык уулануу фактысы 5-майда катталган. Санэпид борборунун кызматкерлери тез татымды текшерип санитардык эрежелердин бузулганын аныктаган.
13 миң сом айып салынып, жазуу түрүндөгү эскертүү берилген. Ошондой эле тамакка уулануунун себебин аныктоо жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин аталган тез татым жабылды.