• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бишкекте Тез жардам кызматынын дарыгери сабалды

2 Теке 202410:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аял тез жардам кызматынын дарыгерин сабап салган. Дарыгерге кол салуу тартылган видео black_list.kg баракчасына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына 30-июнда баланын ичи ооруп жатат деген чалуу түшкөн.

«Педиатриялык бригада айтылган дарекке барып, бейтапты көргөн соң ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок экенин айткан. Баланын энеси буга макул болбой, ооруканага алып барууну талап кылып, дарыгерге кол салган. Педиатр Улуттук госпиталга мээси чайкалып, гематома менен жаткырылды. Дарыгер кош бойлуу”, — деп билдирген Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов.

Количество просмотров: 96