Бишкекте тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Фейсбуктагы «Тез жардам дарыгери» баракчасында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, кырсык Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Тез жардам унаасынын айдоочусу жана таксинин жүргүнчүсү жабыркаган. Алар травматология ооруканасына жеткирилген.