Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, алардын Кыргызстанда жүрүү боюнча тиешелүү уруксат кагаздары жок болгон.
«Тартип бузгандар жана цехтин өкүлү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди. Компетенттүү органдар текстиль өндүрүшү жаатындагы иш берүүчүлөрдү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин так сактоого жана терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларына жол бербөөгө чакырат», — деп жазылат маалыматта.