Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
Бишкекте Токтогул көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.
«Токтогул менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишине технологиялык себептерден улам асфальт төшөлгөн жок. 10 күндөн кийин унаа кыймылын токтотпостон асфальт төшөлөт», -деп билдиришти башкармалыктан.
Эске салсак, аталган көчө жылуулук түйүнүн оңдоо үчүн жабылган болчу.