• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте троллейбус айдоочулары иш токтотту. Талаптары эмне?

11 Баш оона 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаарындагы бир катар троллейбус айдоочулары каттамга чыкпай, иш токтотушту. Бул тууралуу Govori.TVга 11-троллейбустун айдоочусу билдирди.

Анын айтымында, түшкө маал каттамдар токтоп, учурда шаардагы троллейбустардын 80% жолго чыккан жок.

«Биздин каттамга чыкпай токтоп турганыбыздын себеби айлык маяна маселеси. Айлыгыбыз аз болуп жатат, ошого байланыштуу маселени чечели деп эки күндөн бери аракет кылып сүйлөшүп жүрдүк бирок, чечилбей койду, мындан улам иш токтотууну чечтик. Булар 50 миң сом айдык деп убада кылып жатышат, бирок андан ар кайсы алым-төлөмдөр кармалып олтуруп 40 миңге жетпеген айлык болуп калып жатат. Бул айлык менен жашоо оор болорун айтып жатабыз, баардык жакта кымбачылык, бир үйдө бирөө гана иштеген адам катары мага бул айлык үй-бүлөмдү бакканга жетпейт… Бул маселебизди өткөндө болгон жыйында да айтып берип, жетекчилерге маселе чечкиле дегенбиз, чече албай коюшту. Бизде да түрдүү маселелер бар, линиялар үзүлөт, шаардагы тыгындар жумушубузду оорлоштурат. Мисалы бир күндө 6 саат иштей турган болсок, тыгындан улам ошол 6 сааттын 4 саатын гана араң иштейбиз. Биз бир айда 170 саат бере турган болсок, ошого жеткире албай калабыз, анан айлык да кыскарат. Биз талап кылып жаткан маселер толук чечилмейин акырына чейин турабыз», — дейт айдоочу.

Ал кошумчалагандай, айдоочулардын иш таштоосу бир гана айлык маселесинде эмес.

«Айлыктын артында көйгөйлөр көп. Бирок, ушул маселени чечип беришсе калганын өзүбүз деле биргелешип чечип алмакпыз. Мисал катары айтсам, электрондук төлөмгө өтүүдөн мурда ага шарттарды оңдоо керек, себеби, карта окуган жабдыктар жай иштейт, бир адамга 10 секунддай кетип калат, кайра эле биздин убакыт кетет, маселе жаралат», — деди ал.

Шаар жетекчилиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштаарын жарыялагандан кийин пайда болду.

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук , «Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.

Количество просмотров: 114