• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бүгүн айрым маршрутка айдоочулары ишке чыккан жок

18 Үчтүн айы 2021 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын айдоочулары ишке чыккан жок. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 07:30га карата маршруткалардын 45 пайызы жумушка чыккан.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы Бишкекте жүргүнчү ташыган коомдук кичи автобустардын айрым айдоочулары иш таштаганын жана бул маселе боюнча мекеме иштеп жатканын билдирди.

«Эртең менен саат алтыдан баштап айрым айдоочуларишке чыккан жок. Бул маселе боюнча биздин башкармалыктын кызматкерлери, ИИМ жана башка мекеме кызматкерлери иш алып барууда. Айдоочулардын талабы жол акысын көтөрүү болуп жатат», — дешти мекемеден.

Мэрия бардык коомдук транспорт штаттык режимде ишин улантарын айтып, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларга кайрылуу жасады.

Белгилей кетсек буга чейин коомдук транспорттун айдоочулары жол акысыны 15 сомго көтөрүүнү талап кылышып, эгер алардын талабы ишке ашпаса, иш таштоого бара турганын билдиришкен.

Количество просмотров: 100