• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жумаш Сооданбеков: “Жолчулардын иш таштоосунан эч кандай кыйынчылыкты деле көрбөй турам”

31 Тогуздун айы 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018. Govori.TV
Жол чарбасы Департаментинин башчысынын орун басары Жумаш Сооданбеков сууктун айынан жол оңдоо иштери токтоп турганын билдирип, жолчулардын иш таштоосунан эч кандай кыйынчылыкты деле көрбөй турганын айтты.
«Лонг Хай»  кытай курулуш компаниясынын жумушчуларына үч айдан бери эмгек акыларын бербей келет, анткени Кыргызстандын транспорт Министрлигинин жол чарбасы Департаменти кытай компаниясына 251,1 миллион сом карыз. Бул тууралуу айтылган департаменттин орун басары Жумаш Сооданбеков билдирди.
Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иши 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Буйрутма берген тарап биздин департамент, аткаруучу — «Лонг-Хай» компаниясы. Ушул убакыттын ичинде 7 миллиард 786,1 миллион сомдук жумуш аткарылды. Бүгүнкү күнгө акыркы жасалган жумуштун сертификатын тапшыргандан кийин жол чарба Департаменти 251,1 миллион сом карыз болуп калдык. Ушунун айынан жумушчулар айлыктарын ала албай жатышат. Ушул себептен алар иш таштоого чыгышты.
Ошондой эле айлыкты төлөө «Лонг Хайдын» милдети экендигин кошумчалады.
«Алар жумушчулардын айлыгын бериши керек, андан соң жардам акчаны алышат. Бизде болсо республикалык бюджеттен каражаттын бөлүнүшү кечигип жатат. Азыр бул маселе Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жана каржы министрлиги тарабынан каралып жатат. Жакында каражат келип түшөт. бирок мен жумушчулардын иш таштоосун бир чоң кыйынчылык катары карабайт элем. Анткени жол оңдоо иштери суукка байланыштуу ансыз да токтотулган. Суукта курулуш иштерин кылганга мүмкүн эмес да. Бирок бир жагынан алар да айлыктарын ала албай жатышат. Биз бул багытта иштеп жатабыз»,-деди Жумаш Сооданбеков.
Эскерте кетсек, бүгүн Балыкчы — Корумду жолун оңдогон жумушчулар иштерин токтотуп, иш таштоого чыгышты. Анткени аларга 3 айдан бери эмгек акыларын беришпейт. Бул тууралуу ММКлар жазып чыгышты.
Количество просмотров: 24