• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте турак үйдөн 9 миң 800 доллар уурдаган шектүү кармалды

13 Бештин айы 202216:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жеке турак үйдөн 9 миң 800 доллар уурдалган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда жаран Б.Д. уурдоо тууралуу арызы менен кайрылган. Ал ошол эле күнү белгисиз адамдар анын үйунүн пластик терезесинен кирип, акча уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынган.

Кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган К.С. болуп чыккан. Ал 21-декабрга чейин камакка алынды.

«Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (0550) 102-360 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 128