• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте унаа басып калган жумушчу жеринде каза болду

25 Бугу 202316:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унаа басып калган жумушчу жеринде каза болду. Маалыматты Govori.TVга Ленин РИИБден тастыкташты.

Окуя тууралуу маалымат милицияга 21-майда саат 13:00 чамасында түшкөн.

«Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан гараждардын биринде 1980-жылы туулган М.М. аттуу жумушчуга көтөрүлүп турган унаа түшүп кеткен. Анын кесепетинен жаран жеринде каза болгон», — деп билдиришти милициядан.

Териштирүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 276