• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте уурулука шектүү жарандар кармалды

1 Бирдин айы 2022 16:14 Бишкек Govori.TV

Шаардык кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан уурулука шектүү жарадар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ш. Ленин РИИБнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 21-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБна А.Т. атуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 21-январькүнү болжол менен саат 00:20 чамасында, Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринин терезесинен кирип , белгисиз жарандар жашыруун түрдө турмуш-тиричилик техникаларын уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 205 3-б. 2,4-п (уурулук) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын экинчи шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1966-жылы туулган И.С. жана 1969-жылы туулган С.У. атуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан, Бишкек шаарынын 1-ТКЖда 20 күндүк мөөнөткө кармоо менен камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Азыркы учурда, кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 95