• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте уурулукка шектүү топ кармалды

7 Бештин айы 2020 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уурулук, алдамчылык жана тоноочулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Октябрь РИИБине Р.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирине белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө кирип, 10 миң долларды түзгөн алтын буюмдарын уурдап, из жашырып кетишкен.

Ошондой эле 1-декабрь күнү дагы Октябрь РИИБине Н.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Бишкектин 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батирине терезесин сындырып кирип, жалпы суммасы 26 миң сомду түзгөн алтын буюмдарды уурдап кетишкени жазылган..

Мындан тышкары 4-декабрь күнү Ленин РИИБине И.А аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Чүй проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишине жакын жерде, арыз ээсинин чөнтөгүнөн белгисиз адамдар 12 миң сомдук «iPhone» үлгүсүндөгү телефонун жашыруун уурдашкан.

Бул фактылардын бардыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган И.Р, 1992-жылы туулган Р.С, 1991-жылы туулган А.А, 1989-жылы туулган Т.М аттуу жарандар кармалып, тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 87