• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте веб-моделдердин студиясы табылды

11 Чын куран 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган “вебкам” студия Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматаны кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан “вебкам” сыяктуу көрүнүштөр менен байланышкан укук бузууларга каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-иликтөө мүнөзүндөгү иштер жүргүзүлүүдө.

«“Вебкам” студияларынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн (порнографиялык материалдарды даярдоо жана жүгүртүү) бетин ачуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Анын башкаларга салыштырмалуу жаңылыгы жана айырмачылыгы бул кылмыштар кылмыш дүйнөсүнүн трансформациясынын жаңы тенденциясы болуп эсептелет. Акыркы жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “веб-кам” бизнесинин “жашыруун” индустриясы түзүлүп, бул сойкулук жана порнографиянын жайылышына байланыштуу коомдук мамилелердин өнүгүүсүнүн логикалык уландысы болуп калган. Ал эми белгилүү болгондой, биздин өлкөдө бул тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн өнүгүүсүнөн таптакыр артта калышпайт. “Вебкам”-индустриясы санариптик мейкиндикте интимдик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы интерпретациясы болуп саналат. Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана аларды калк арасында кеңири жайылтуу бул көрүнүштү массалык коммерциялык ишканага активдүү киргизүүгө мүмкүндүк берди.

2023-жылдын 6-апрелинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштер жүргүзүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, бул “мекемеде” болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок, бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган.

Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Ошондой эле, сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Көрсө, кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду.

Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижара акысы ай сайын 700 АКШ доллары өлчөмүндө төлөнөт.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылып алынган.

Количество просмотров: 158