• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

10 Теке 2023 12:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кырсык 7-июль күнү саат 17.12лер чамасында болгон. Айдоочу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен бара жатып көпүрөнүн астынан өтүп бара жаткан 17 жаштагы велосипедчен А.Аны сүзүп кеткен. Жабырлануучуга жардам бербестен, адам окуя болгон жерден кетип калган.

«Жол кырсыгына шектелип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Ал 44 жаштагы Р.С. аттуу жаран болгон. Кармалган жаран борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган. Кадрда айдоочу велосипедченди сүзүп, ал тургай токтобой окуя болгон жерден чыгып кеткени тартылган.

Количество просмотров: 77