• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жигит чуңкурга секирди

19 Бирдин айы 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жигит чуңкурга секирген. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралда саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Ак-Ордо конушундагы чоң чуңкурда адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнөтүлгөн.

«Кайгуулчулар чуңкурдун ичинде жаракат алган жаран ордунан тура албай жатканын көрүшкөн. Окуянын чоо-жай такталып, 1993-жылы туулган жаран үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында чоң чуңкурга атайын кулаганы белгилүү болду»,-деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана аймактык милиционерлер жаранды чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам унаасына жеткиришкен.

Количество просмотров: 6030