• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте жүрүш үчүн бир нече кагаз керек, бирок мөөр менен тастыкталган

11 Бугу 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Республикалык ыкчам штаб карантин жана өзгөчө кырдаал режими иштеп турган учурда Бишкек шаарына кирүүдө жарандарга зарыл болгон уруксат жана башка документтерге тийиштүү түшүндүрмө берет.

Учурда экономикалык ишмердүүлүк түрүнө уруксат берилбеген, карантин учурунда негиздүү себеп боюнча шаарда жүрүүгө муктаждыгы бар жарандардын үйдөн чыгуу себеби жана багыты көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болууга тийиш. Шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, аптекадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл чектелээрин жана жарандарда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер жана маршруттук баракча болуусу керектигин эскертебиз.

Ишмердүүлүгү экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактардын тизимине туура келген жарандар уюм катталган орду боюнча МСК райондук башкармалыгынын, же райондук акимиаттын мөөрү менен тастыкталган, иштеген жеринен маалымдамасы болуусу керек (контактыларды кыскартуу максатында документтер боюнча уюмдардын жетекчилерине, же башкы бухгалтерлерине кайрылуу зарыл).

Ал эми жеке ишкерлердин жанында патенти болуусу керек.

13-майга чейин ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактарга тартылган жактар тийиштүү мөөрү басылган маалымдама алуусу тийиш.

Количество просмотров: 869