• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте жөө жүргүнчүнү 2 унаа катар сүзүп каза болду

21 Бештин айы 2020 14:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 70 жаштагы аялды 2 унаа катар сүзүп көз жумду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда эртең менен Юнусалиев көчөсүндө 70 жаштагы Н.В. аттуу аялды автоунаа сүзүп, качып кеткен. Жолдон өтүп бара жаткан адамдар аталган аялга жардам көргөзүп жатканда Toyota-4Runner үлгүсүндөгү автоунаа келип, аларды сүзгөн. Натыйжада 70 жаштагы Н.В. атуу аял ошол жерде каза болуп, ага жардам бергиси келген М.А. аттуу 30 жаштагы жигит жаракат алып ооруканага жеткирилген. 

Милициянын кайгуул кызматы ыкчам иликтөөнү жүргүзүп, аялды сүзүп качып кеткен Volkswagen-Passat  үлгүсүндөгү автоунааны аныктап, анын 65 жаштагы С.Э. атуу айдоочусун кармаган.

Эки автоунаа тең айып короосуна токтотулуп, факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 

Количество просмотров: 3216