Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Бишкекте 600гө жакын кудуктун капкактары менен жаанды өткөрүүчү торчолор уурдалган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отурумунда Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Александр Воротников кабарлаган.
Маалыматка ылайык, уурдалган 200 кудуктун капкактары менен жаанды өткөрүүчү торчолордун жалпы баасы 1 миллион 800 миң сомду түзүп, уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн подрядчиктер жеке каражатынан орноткону айтылат маалыматта.