• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте жаңы гүлбакча ачылды

3 Чын куран 2024 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ажибек баатыр көчөсүндө жаңы гүлбакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирет.

Жаңы эс алуу аймагынын жалпы аянты 0,356 гектарды түзөт.

Гүлбакчада отургучтар, балдар аянтчасы, воркауттук жабдуулар жана жарыктандыруу орнотулду.

Ошондой эле дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Башкармалык борбордун тургундарын жана конокторун жаңы эс алуучу аймактарга аяр мамиле кылууга чакырат.

Количество просмотров: 68