Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.
Бишкектин эки жаңы конушунда суу түтүктөрүн орнотуу иштери башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ак-Тилек конушунда суу түтүктөрүн орнотуу иштери башталып, Дзержинский, Аул, Элебесов, Февраль, Коллекторный, Жерге-Тал жана Кожевенный көчөлөрү борборук канализацияга кошулат. Мында 3,2 чакырым жерге түтүк орнотулмакчы.
Андан тышкары, шаадын түштүк тарабындагы Ак-Босого конушуна дагы канализация киргизилет. Анда Исанов, Боталиев, Можайск, Көкчетав көчөлөрү жана Тоголок Молдо, Манас, Васильев, Саадаев тар көчөлөрүндө жашаган тургундар үчүн суу түтүктөрү жеткирилет. Ошондой эле №18 орто мектеп жана №41 бала бакча да борбордук канализацияга кошулат.