• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай ташталган

28 Тогуздун айы 202417:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектик аялдын эшигинин астына ыргытылган жаңы төрөлгөн ымыркай балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ЖМКларга № 3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирген.

Анын айтымында, баланы балдар ооруканасынын дарыгерлери текшерген.

«Баланын ден соолугу жакшы, эч кандай патологиясы жок. Аны борбордогу балдар үйүнө жиберилди», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кызыл-Аскер конушунун тургуну 17-октябрда жаңы төрөлгөн баланы таштап кеткен. Аталган факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Биринчи май РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, натыйжада бала Биринчи Май району боюнча ОПСДнын адистерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 537